Казакстан – Борбордук Азияда инвестиция тартуу боюнча лидер

Казакстан – Борбордук Азияда инвестиция тартуу боюнча лидер

Казакстан Борбор Азиянын алдыңкы инвестициялык борбору катары позициясын күчөтүүдө. Буга сандар далил. Мисалы, аймакка келген бардык чет элдик инвестициялардын 70%ке жакыны өлкөгө туура келет. БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын баяндамасында белгиленгендей, республиканын экономикасына топтолгон түз чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 151 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүч чет өлкөдөн тартылган капиталдын салмагын баалоого мүмкүндүк берет, башкача айтканда, чет элдик инвесторлор тарабынан түзүлгөн ишканалар, өндүрүштүк долбоорлор, технологиялык жабдуулар жана башка активдер мамлекеттин экономикасына канчалык деңгээлде таасир эткенин баалоого болот. Белгилей кетсек, алардын көлөмү он жылдын ичинде эки эседен ашык көбөйдү. Эл аралык компаниялардын негизги инвестициялары тоо-кен казып алуу жана кайра иштетүү өнөр жайына, соодага, энергетикага жана ири инфраструктуралык долбоорлорго багытталууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков