Референдум күнү 54 өлкөдөгү Казакстандын жарандары да добуш бере алат

Референдум күнү 54 өлкөдөгү Казакстандын жарандары да добуш бере алат

Жалган куран айынын 15деги референдум күнү 54 өлкөдөгү Казакстандын чет элдеги өкүлчүлүктөрүнүн алдында 71 участкада иш жүргүзүлөт. Башкача айтканда, 14 миңден ашуун өлкө жараны алыста жүрүп добуш бере алат. Бул тууралуу республиканын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдө референдум комиссиялары түзүлдү. Алардын бардык мүчөлөрү Республикалык референдум жөнүндө конституциялык мыйзамды жана адам укуктары менен муктаждыктарын билүү боюнча атайын тестирлөөдөн өттү. Өнөктүктү өткөрүү тартиби боюнча онлайн окутуу семинары уюштурулду.

Ерлан Жетибай, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:

– Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна, ошондой эле Украина менен Эфиопиядагы коопсуздук деңгээлинин төмөн болушуна байланыштуу 10 өлкөдөгү 11 участкадан ишти убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Алардын арасында Казакстан Республикасынын Иран, Израиль, Иордания, Катар, БАЭ, Оман, Ливан, Кувейт, Украина жана Эфиопиядагы элчиликтеринин жанындагы, ошондой эле Дубай шаарындагы Казакстан консулдугунун жанындагы участкалар бар.

Ошондой эле тышкы саясат мекемеси Жакынкы Чыгыштан 8,5 миңден ашуун казакстандык мекенине кайтып келгенин билдирди. Мекендештерди өлкөгө кайтаруу процессине компетенттүү органдар жана авиакомпаниялар тартылган. Аба каттамдарынан тышкары, өлкө жарандарын чыгаруу Азербайжан, Армения жана Түркмөнстандын кургактагы чек аралары аркылуу да ишке ашууда. Алдыдагы күндөрү эвакуация иштери улантылат. Учурда Казакстандын жарандарынын арасында жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков