2035-жылга чейин өлкөдөгү альтернативдик энергия булактарынын кубаттуулугу кыйла жогорулайт. Өкмөттүн планына ылайык, аймактарда жалпы көлөмү 8,4 гигаваттты түзгөн жашыл энергия өндүрүүчү объектилер ишке киргизилет. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, экологиялык таза долбоорлордун басымдуу бөлүгү шамал жана күн электр станцияларын курууга багытталган. Мындан тышкары, көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн суутек энергетикасын өнүктүрүү боюнча атайын стратегия иштелип чыккан. Белгилей кетсек, былтыр жаңыртылуучу энергия булактарынын үлүшү 7% чейин өскөн.
Тимур Абдрешов, энергетика министрлигинин басма сөз катчысы:
– Быйыл биз 10 долбоорду ишке киргизебиз. Анын ичинде 4 шамал станциясы, 5 күн станциясы жана 1 суу станциясы ишке кошулат. Алардын жалпы кубаттуулугу 245 Мегаватт болот: Мындан тышкары дүйнөлүк компаниялар менен иш алып барылууда. Өлкөбүздө ири деп эсептелген 1 Гигаваттык шамал станциясынын курулушу башталды. Алар Жамбыл, Павлодар облусустарында жайгашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

