Сенат Евразия экономикалык биримдиги менен
Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишимин жактырды. Эми Казакстандын
товарларын Монголия рыногуна экспорттоо жеңилдейт. Келишим эки өлкөнүн
ортосундагы соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуга жана жеңилдетүүгө
негизделген. Документ үч жылга жарактуу жана узартуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Демек, Казакстан Монголияга дан эгиндерин, канаттуулардын этин, сүт азыктарын,
майларды, кондитердик азыктарды, металлургиялык жана химиялык өнүмдөрдү,
транспорт каражаттарын жана башка товарларды экспорттойт. Ал эми Монголия тарап
бажы салыгын алып салууга милдеттенет. Андан ары өлкөгө жылкы этин, картошка,
бут кийим жана жүндөн жасалган буюмдарды жеткирет.
Алибек Наутиев, Парламент сенатынын депутаты:
– Казакстандын экспорттук кызыкчылыгы толугу
менен камсыздалган. Моңголия азык-түлүк өнүмдөрүнө жана өнөр жай товарларына
импорттук бажы алымдарын алып салат. Биздин өлкө үчүн экономикалык
натыйжалуулугунун катарында моңгол тараптын тарифтик жеңилдиктери республикабыздын
Моңголияга экспортунун 92% камтыйт. Натыйжада, ата мекендик бизнес импорттук
бажы алымдарын төлөөдө үнөмдөй алат.
Мындан тышкары, Монголия Евразия экономикалык
биримдигине мүчө өлкөлөрдөн, анын ичинде Казакстандан келген жеңил
автоунааларды, электр унааларын, жүк ташуучу унааларды, өрт өчүрүүчү
машиналарды, чиркегичтерди жарым чиркегичтерди, толугу менен бажысыз алып
келүүгө милдеттүү. Белгилей кетсек, Казакстан менен Монголия эки тараптуу товар
жүгүртүүнү 500 млн долларга чейин көбөйтүүнү көздөп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

