Казакстан
Иордания рыногуна чийки эмес эмес товарларды, анын ичинде буудай жана башка
айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөлөрдүн соода-экономикалык
жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын
5-отурумунда белгилүү болду. Ал Амманда өттү. Тараптар өлкөлөр ортосундагы
сооданын өсүшү үчүн дарамет абдан жогору экенин баса белгилешти. Муну сандар да
көрсөтүп турат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода алака 4
эседен ашык өскөн жана бул чек эмес. Иордан тарап альтернативдүү транспорттук
жолдорду, анын ичинде Каспий деңизи аркылуу казакстандык данды импорттоого
кызыкдар экенин билдирди. Казакстан өз товарларын экспорттоо үчүн Акаба
портунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу мүмкүн. Бул өнүмдү Иорданиянын базарына
гана эмес, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк
берет. Ошол эле учурда Казакстан иорданиялык компаниялардын өлкөнүн аймагында
тамак-аш өнөр жай ишканаларын түзүүгө катышуусуна кызыкдар. Ишкер байланыштарды
активдештирүү үчүн тараптар келерки жылы Казакстан-Иордан Ишкерлер кеңешинин
жыйынын өткөрмөкчү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

