Президент Касым-Жомарт Токаев расмий сапар
менен Түркмөнстанга келди. Мамлекет башчысын Ашхабад аэропортунан түркмөн калк
маслихатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды. Президент Казакстан-түркмөн
кызматташтыгы достук, коңшулук жана өз ара колдоо духунда динамикалуу өнүгүп
жатканын баса белгилеп, Түркмөнстанга расмий визиттин максаты эки өлкөнүн
стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгаруу экенин кошумчалады. Ошондой
эле Касым-Жомарт Токаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда Абайдын
эстелигин салтанаттуу түрдө ачышты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Ал
теңдешсиз жаратуулары менен чексиз баалуулуктарды даңазалаган. Элди
мекенчилдикке, изденүүчүлүккө, эмгекчилдикке тарбиялады. Жакшылыкка жана
даанышмандыкка үндөдү. Ашхабадда Абайдын эстелигинин ачылышы-боордоштугубузду
бекемдеген уникалдуу демилге.
Өз кезегинде Астанада да быйыл Улуу
Махтумкули Фрагинин эстелиги тургузулган. Түркмөн ойчулунун чыгармачылыгы
бардык түрк элдерине мүнөздүү экенин Казакстандын Президенти баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев ошондой эле аны «Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына
карата» мааракелик медалы
менен сыйлаганына ыраазычылыгын билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Абай
менен Махтумкулинин чыгармалары-бүткүл түрк дүйнөсүнүн баалуу байлыгы. Биздин
жалпы милдетибиз-аны сактап калуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү. Эки
улуу акындын поэзиясындагы үзгүлтүксүздүктүн мисалдары көп. Биздин элдерди
бирдиктүү тамырлар, жалпы тарых, окшош тил жана маданият байланыштырып турат.
Ушул туруктуу негизде биз бекем жана гармониялуу мамиле түздүк.
Ал азыр стратегиялык өнөктөштүктүн духунда
акырындык менен өнүгүп жатат.
Касым-Жомарт Токаев ошондой эле
Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.
Ал эми Казакстандын Президентин «Огузхан» ордосу комплексинде
салтанаттуу тосуп алышты. Бул жерде Касым-Жомарт Токаев менен Сердар
Бердымухамедов тар форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Мамлекет башчысы жогорку
деңгээлдеги туруктуу жолугушууларга өзгөчө маани берерин, алар кызматташтыкты
кеңейтүүгө негиз болорун баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстанды
республиканын стратегиялык өнөктөшү деп атап, аймактык жана эл аралык коопсуздукту
камсыз кылууда бул өлкөнүн кошкон зор салымын жана анын эл аралык аренадагы
бейтарап макамын өзгөчө белгиледи. Президент Сердар Бердымухамедов да
Түркмөнстандын Казакстан менен өнөктөштүктү жана соода-экономикалык
байланыштарды өнүктүрүүгө берилгендигин ырастады. Атап айтканда, энергетика,
транспорт, соода, айыл чарба, жаңы технологиялар сыяктуу артыкчылыктуу
тармактарда.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков