Казакстан менен Индонезия соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү ниетинде. Бул максатка жетүү үчүн азык-түлүк соодасы, өзгөчө адал индустриясы жардам берет, деп белгилешти тараптар. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын үчтүн айы, бугу айларында мамлекеттер ортосундагы өз ара соода жүгүртүү АКШ валютасында болжол менен 172,5 миллион теңгени түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 4%га жогору. Ал эми Казакстандан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө экспортко келе турган болсок, беш айдын ичинде ал 78 жарым миллион долларга жакынды түздү. Казакстан негизинен ферроэритме, көмүр, жарма, электр жабдууларын жана башка товарларды экспорттойт. Ал эми Индонезиядан турмуш-тиричилик техникасын, май, автоунаа жана башка өнүмдөрдү алып келет.
Которгон :Илгиз
Жамалбеков