Эгемендүүлүк жылдары Казакстан экономикасына 380 миллиард доллар инвестиция салынды

Эгемендүүлүк жылдары Казакстан экономикасына 380 миллиард доллар инвестиция салынды

Борбор калаада 2,2 миллиард доллардан ашуун 31 инвестициялык келишимге жана 6 коммерциялык эмес документке кол коюлду. Бул жаңы долбоорлор Казакстандын экономикасынын агроөнөр жай комплекси, саламаттык сактоо, унаа жасоо жана энергетика сыяктуу артыкчылыктуу тармактарын жакшыртууга багытталат. Мындай жыйынтыкка борбор калаадагы инвесторлордун кезектеги жыйынында жетишилди. Салттуу жыйынга 50дөн ашык өлкөдөн 400дөн ашык жана онлайн форматта 1000ден ашык тармактык адистер, ири инвесторлор жана дүйнөлүк серепчилер катышты. Алардын пикиринде, Казакстан инвестиция салуу үчүн абдан ыңгайлуу өлкө. Буга толук негиз бар. Бүгүнкү күндө өлкө тышкы инвестицияны тартуу боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында алдыңкы орунда турат. Эгемендүүлүк жылдарында экономикага 380 миллиард доллар инвестиция тартылган. Аны мүмкүн болушунча максималдуу пайдалануу үчүн инвесторлорду колдоонун заманбап механизмдери киргизилүүдө. Маселен, быйылкы жылдан тарта өлкө аймагында узак убакыт туруктуу иштөөгө кепил болгон жаңы инвестициялык келишим жоболору иштелип чыкты.

Куат Жолдыбеков, «Kazakh Invest» УК» АК департамент мүдүрү:

- Бул келишим боюнча биздин инвесторлор Казакстанда кандай шартта иштешет, өлкөбүздө канча жумушчу орун түзүлөт, мамлекеттен кандай жардамдар болот, мунун баары аныкталат. Ал эми шарт-келишим түзүлгөндөн кийин 25 жылга чейин макулдашуунун жалпы эрежелери сакталат.

Огызхан Челик, инвестор, /Түркия/:

- Биз алдыдагы эки жылда жаңы завод куруп, андан бери Казакстанда ламинатталган ДСП чыгарууну мерчемдеп жатабыз. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 60 миң кубометрге жакын өнүм чыгарууга жөндөмдүү болот. Бул 25 миллион доллар импорттун ордун толтурууга жетет, тагырагы өлкөдөгү ЛДСП муктаждыгынын 30% түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков