Алихан Смаилов CNPC вице-президенти менен жолугушту

Алихан Смаилов CNPC вице-президенти менен жолугушту

Айта кетсек, компания өлкөдө чейрек кылымдан ашык убакыттан бери ийгиликтүү иштеп, тармактагы маанилүү стратегиялык өнөктөш катары иш алып барууда. Премьер-министрдин айтымында, Казакстандын өкмөтү кызматташууну тереңдетүүгө ынтызар. Бүгүнкү күндө тараптар ишенимдүү өнөктөштүк мамилелерди орнотушкан. Атап айтканда, мунай жана газ өнөр жайынын бардык тармактарында ири долбоорлорду ишке ашырууда. Өз кезегинде Хуан Юнчжан буга чейин жүзөгө ашырылган бир катар биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү болгонун белгиледи. Алардын көпчүлүгү өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп калды. Мындан тышкары, CNPC жетекчиси компаниянын Казакстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков