Евробиримдик Казакстандан чыгарылган активдерди кайтарууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу анын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Коррупцияга каршы агенттигиндеги жолугушуунун жүрүшүндө билдирди. Жыйында тараптар мыйзамсыз баюу жана кирешелер менен чыгашаларды жалпы декларациялоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү маселелери менен ишкердикти коргоо темасын талкуулашты. Чет элдиктер өлкөнүн коррупцияга каршы саясатына басым жасоого оң баа беришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков