Астанада ШКУнун саммити өз ишин жыйынтыктады

Астанада ШКУнун саммити өз ишин жыйынтыктады

Астанада Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өз ишин аяктады. Казакстандын борборунда бир катар глобалдык маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн 16 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле абройлуу эл аралык уюмдардын жетекчилери чогулду. ШКУнун мамлекет башчыларынын жыйынынын алкагында бүткүл дүйнөлүк коомчулукту түйшөлткөн маселелер козголду. Мамлекет башчы белгилегендей, уюм эл аралык мамилелер системасынын эң таасирдүү эл аралык түзүмдөрүнүн бири жана маанилүү механизмине айланды. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

-Учурдагы этапта ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикалары 4төн 9% га чейин жогорку өсүш темпин көрсөтүүдө. ШКУнун мамлекеттеринин глобалдык ички дүң өнүмүндөгү үлүшү 30% ды түзөт. Бүгүнкү күндө мүчө өлкөлөрдүн тышкы соодасы 8 триллион доллардан ашат. Бул бүткүл дүйнөлүк сооданын төрттөн бирине барабар. Буга байланыштуу ШКУнун көп жагынан мамлекеттеринин эсебинен болуп жаткан Азиянын тарыхый жаңы мааниси, экономикалык өсүшү бүткүл глобалдык экономика үчүн турукташтыруучу фактор болуп саналарын өзгөчө белгилеп кетким келет. Казакстан Кытайдын ШКУнун өлкөлөрүнүн масштабдуу рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана биздин уюмга мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүнү 3 трлн долларга жеткирүү ниетин кубаттайт. 

Башка мамлекеттердин башчылары эл аралык маселелерди чечүүдө уюмдун ролун баалашты. Алардын айтымында, Казакстан бул багытта эбегейсиз зор иштерди жасады. Шанхай уюмунун он өлкөсү үчүн мындан аркы кызматташтыктын келечеги - глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында жалпы күч-аракеттерди бириктирүү болуп саналат. 

Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президенти: 

-Биздин өлкөлөр коопсуздук, эгемендик, экономикалык өнүгүү маселелеринде жана биз үчүн турмуштук маанилүү башка маселелерде бири-бирибизге ар тараптан колдоо көрсөтүүсү маанилүү деп эсептейм. ШКУнун ишмердүүлүгүнүн негиз салуучу принциби мүчө мамлекеттердин тең укуктуулугу бойдон калууда. Консесус жолу менен чечимдерди кабыл алуу жөнүндө жобо анын конкреттүү ишке ашырылышы катары кызмат кылат. Аны мындан ары да уюмда жетекчиликке алуу зарыл. 

Шавкат Мирзиеев, Өзбекстандын президенти: 

-Шанхай рухуна жана Хартиянын негиздөөчү принциптерине таянуу менен биздин уюмдун дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы ролуна шайкеш келген ШКУнун жаңы күн тартибин иштеп чыгууга убакыт келди. Уюмдун ичинде биримдикти жана ынтымакты сактоо керек. ШКУнун алкагында ишенимди жана достукту бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттерди активдештирүүнү сунуштайм. 

Си Цзиньпин, Кытай Эл Республикасынын президенти: 

-Жалпы аракет жеңишке, ал эми жалпы акыл ийгиликке алып келет. Тилектештик жана өз ара аракеттенүү ШКУнун топтолгон ийгиликтүү тажрыйбасы жаңы жоруктарга жооп берүү жана жаңы жортуулда жаңы горизонтторду ачуу үчүн альтернативасыз тандоо болуп саналат.  

Адистердин айтымында, бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүү тарыхында жаңы доордун ачылышы катары тарыхта калаары талашсыз. Казакстан Уюмга төрагалык кылууну ийгиликтүү аяктап, башкаруу эстафетасын Кытайга өткөрүп берди. Уюмдун жетекчилик структурасында ыйгарым укуктар да өткөрүлүп, ШКУнун мурдагы башкы катчысы Чжан Миндин ордуна Казакстандын өкүлү Нурлан Ермекбаев дайындалды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков