Мамлекет башчы Түркмөнстандын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Мамлекет башчы Түркмөнстандын Тышкы иштер министрин  кабыл алды

Мамлекет башчы Астанага расмий сапар менен келген Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин азыркы абалына оң баасын берди. Ашхабад Астана менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар. Буга байланыштуу тараптар соода-экономика, энергетика жана транспорт-логистика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Мындан тышкары, жыл сайын жаңы мазмун менен байып келе жаткан маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташууга басым жасалды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

 

-Биз Түркмөнстанды ишенимдүү стратегиялык өнөктөш жана тарыхый жактан тектеш мамлекет катары карайбыз. Чындыгында, акыркы жылдары биздин мамлекеттердин кызматташтыгы, анын ичинде экономиканын стратегиялык тармактары боюнча да тез өнүгүп жатат. Маданий-гуманитардык чөйрөдө да байланыш өнүктү. Буга чейин бир топ иштер аткарылды. Алдыда дагы көп иштер турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков