Сенат Туңгуч Президент тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Сенат Туңгуч Президент тууралуу конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады

Сенаторлор мамлекеттик демилгелерди Эл башы менен макулдашуу зарылдыгын жоюуну сунушташты. Бул жобо палатанын жалпы жыйынында каралган «Туңгуч Президент – Эл башы тууралуу» конституциялык мыйзамда бекемделген. Мындан тышкары, «Коопсуздук Кеңеши жөнүндө» жана «Казакстан Эли Ассамблеясы жөнүндө» мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланды. Анда президенттин Коопсуздук Кеңешине жана Казакстан Эли Ассамблеясына өмүр бою төрагалык кылуу укугун жокко чыгаруу каралган. Жогорку палата мажилисмендер тарабынан киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү жактырды. Бирок өз түзөтүүлөрүн сунуштоо менен, мыйзам долбоорун төмөнкү палатага кайра кароого кайтарды.

Ляззат Сүлеймен, Парламент Сенатынын депутаты:

- Сенаторлор мыйзамга киргизилип жаткан өлкөнүн Коопсуздук Кеңешин, Казакстан Эли Ассамблеясын мамлекет башчысы өз милдеттерине ылайык жетектеши керек деген түзөтүүлөрдү колдошту. Мындан тышкары, мыйзамды талкуулоодо бир норма киргизилди. Анда Туңгуч Президент жөнүндө мыйзамдан мамлекеттин ички жана тышкы саясатына байланышкан демилгелер Эл башы менен макулдашылышы керек деген жобо алынып салынган. Ошондуктан, Сенат мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдү концептуалдык жактан колдоп, бир өзгөртүү менен Мажилиске кайтарып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков