«Адилет» партиясы III кезексиз курултайында Курултай
шайлоосуна талапкерлер тизмесин бекитти. Ага 186 адам кирди. Алар илим, билим,
бизнес, өнөр жай, санариптик тармак, маданият, спорт жана жарандык коомдун
өкүлдөрү. Ошондой эле, делегаттар шайлоо алдындагы программаны кабыл алышты. Ал
сегиз багытты камтыйт. Артыкчылыктардын катарында - адам капиталын өнүктүрүү,
санариптик трансформация, экономиканы жаңыртуу жана социалдык саясатты
өркүндөтүү каралган. Маданиятты колдоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана аймактарды
өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Партия төрагасы Айбек Дадебайдын айтымында,
шайлоо алдындагы программа стратегиялык сессиялар учурунд атайын QR-код аркылуу
чогултулган серепчилердин жана казакстандыктардын сунуштарын эске алуу менен иштелип
чыккан. Мындан кийин партия шайлоо өнөктүгүнүн кийинки этабын баштайт. Аймактардагы
партия ишине басым жасалат. «Адилет» партиясынын өкүлдөрү өлкө тургундары менен
жолугушуп, программаны тааныштырат. Жыйын соңунда партиянын III кезексиз
курултайынын корутунду резолюциясы кабыл алынды.
Айбек Дадебай, «Адилет»
партиясынын төрагасы:
– Жаңы Конституция Казакстанга
жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады. Эң башкысы - аларды кантип пайдаланабыз.
Өлкөнү адамдар өзгөртөт - алардын идеялары, жоопкерчилиги, эмгеги жана өз элине
кызмат кылууга даярдыгы өзгөрүүнүн башаты. Бүгүн биз ушул жоопкерчиликти өз
мойнубузга алып, алдыдагы шайлоодо «Адилет» партиясынын атынан өкүлчүлүк
кылууга даяр талапкерлер командасын түздүк. Сиздер менен бирге иштөөгө
ниеттенген команда мүчөлөрүн тандадык. Куру убада бербөө. Күнөөлүүлөрдү издебөө.
Өткөн менен жашабоо. Биз келечекке умтулууну көздөйбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

