Президент Түрк мамлекеттери Парламенттик Ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин төрагалары менен жолугушту

Президент Түрк мамлекеттери Парламенттик Ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин төрагалары менен жолугушту

Президент Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлери менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев жолугушуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Парламенттик Ассамблея - абдан маанилүү саясий түзүм, - деди мамлекет башчысы. Азыр Парламенттик ассамблеянын алкагындагы биргелешкен аракеттердин аркасында түрк кызматташтыгы жылдан жылга бекемделүүдө. Жалпы түрк элдеринин эл аралык аброю жана таасири өсүүдө. Президент өлкө Парламенттик ассамблея сунуш кылган жаңы демилгелерди колдой тургандыгын белгилеп, түрк интеграциясына салым кошууга даяр экендигин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Казакстан-түрк мамлекеттеринин уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул түзүм өлкөлөрүбүздүн экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүсүнө өзгөчө таасир берет деп ишенебиз. Анын дарамети биздин элдердин жалпы кызыкчылыктарына пайдаланууну максатка ылайыктуу. Өткөн жылы Казакстан түрк мамлекеттеринин Уюмуна төрагалык кылган. «TURKTIME» урааны астында биз бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырдык. Түрк интеграциясынын тереңдешине түрткү бере турган 100гө жакын иш-чара уюштурдук. Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Масштабдуу мелдеш улуу талаанын цивилизациясын бүткүл ааламга көрсөттү. Түрк алфавитинин орток нускасы бекитилди. Муну тарыхый окуя деп атоого болот.

Касым-Жомарт Токаев түрк мамлекеттеринин уюмунда туруктуу өкүлдөрдү дайындоо чечими кабыл алынганына, уюм өлкөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык, энергетикалык, каржы жана инвестициялык чөйрөлөрдө байланыш күчөгөнүнө көңүл бурду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Түрк Инвестициялык фонду өз ишин натыйжалуу жүргүзүүдө. Мунун баары түрк интеграциясын бекемдеген маанилүү кадамдар. Биз түрк мамлекеттеринин уюмунун саммиттеринин жыйынтыгына жогору баа беребиз. Келишимдерди сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурабыз. Жакында Венгрияда мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусу жемиштүү болду. Казакстан бул жакшы тенденцияны улантууга дайым даяр. Муну менен мен кийинки жолугушууну Түркестанда өткөрүүнү сунуштадым.

Президент Казакстанда акыркы жылдарда ишке ашырылып жаткан комплекстүү саясий жана социалдык-экономикалык реформаларга токтолду. Түпкү максат – мыйзамдуулук жана тартип принциптерине негизделген Адилеттүү Казакстанды түзүү. Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын сессиясын Астанада өткөрүүнү толук колдой турганын билдирди. Масштабдуу жыйын «TURKTIME: Парламенттик дипломатиянын ролу» деген теманын алдында өтөт. Президент бул жолугушуу түрк мамлекеттеринин жалпы максаттары жана кызыкчылыктары бар экенин ачык-айкын көрсөтүп жатканын айтып, тынчтыкты сактоо жана бекемдөө бардыгынын жалпы милдети деп атады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков