Касым-Жомарт
Токаев Азербайжандын президенти Илхам Алиевге, өлкө элине, ошондой эле Актаунун жанындагы
авиакырсыкта курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Телеграммада
мамлекет башчысы Азербайжан аба жолдоруна таандык аба кемесинин жүргүнчүлөрү
жана экипаждары каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен
кабыл алганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Казакстанда
мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ал учактын кулашынын себептерин иликтеп, каза
болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берет. Эске салсак,
кулаган авиалайнер Бакудан Грозныйга учуп бара жаткан. Анын бортунда 67 адам,
анын ичинде 5 экипаж мүчөсү болгон. Алар Азербайжан, Орусия, Казакстан жана
Кыргызстандын жарандары. Кырсыктын
болжолдуу себеби катары учак чымчык
менен кагылышып, башкарууну жоготуу
болгондугу айтылууда.
Асет Жылкайдаров, Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу
комитетинин төрагасы:
- Астана шаарынын
командалык борборунда жана Маңгыстау облусунун Өзгөчө
кырдаалдар департаментинин
ишеним телефондору
иштеп жатат. 296
чалуу келип түшкөн. Каза
болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси такталууда. Актау шаарына Азербайжан
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри келди.
Тирүү калгандар 29
адам, анын ичинен экөө балдар экени кабарланууда. Алардын баары тез арада
ооруканаларга жеткирилди, абалы ар кандай деңгээлде. Астанада жана Актауда
жабыркагандар үчүн кан топтоо уланууда. Мындан тышкары, Казакстан Президентинин
тапшырмасы менен борбор шаардан Актауга Санитардык авиациянын борту учуп кетти.
Бекболат Избасаров,
Маңгыстау облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы:
- Бардык зарыл болгон
медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатат. Тез медициналык жардамдын
бардык облустук курамы тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерде 400дөн ашык куткаруучу жана
80ге жакын техника, ошондой эле 20дан ашык медициналык тез жардам бригадасы
иштеп жатат. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду-ал өлкөнүн Башкы
прокуратурасынын өзгөчө көзөмөлүндө. Республиканын өкмөтү Азербайжан менен ар
тараптуу иликтөө жүргүзүүдө кызматташат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

