Казакстан менен
Вьетнам серепчилик-аналитикалык чөйрөдө кызматташат.
Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту жана Астанадагы Хо Ши Мин
атындагы Улуттук политакадемия мындай өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга
кол коюшту. Тараптардын инфраструктуралык
жана инвестициялык өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле агросекторду жана кайра иштетүүчү
өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мамилелер жана чечимдер талкууланат. Алар эки өлкөнүн илимий чөйрөлөрүнүн катышуусу менен онлайн-сессияларды
туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашышты. Белгилей кетсек, борбор калаага
вьетнамдык делегациянын сапарынын алкагында КИСИ аянтчасында мындай биринчи
жолугушуу соода-экономикалык жана билим берүү кызматташтыгына арналган.
Алишер Тастенов,
Президентке караштуу КСИИнун Азия мамлекеттери бөлүмүнүн башкы серепчиси:
- Өткөн жылы президентибиз
Вьетнамга барып, соода-экономикалык кызматташтыкты тездетүү боюнча биргелешкен
аракеттердин өкмөттөр аралык планына кол коюлган. Бул соода, инвестиция жана
айыл чарба жана серепчилик жакындашуу сыяктуу тармактарды камтып,
кызматташуунун жаңы түйүндөрүн издөөгө багытталган.Өткөн жылдын биринчи жарым
жылдыгында соода алмашуу 610 миллион долларды түздү, 2022 – жылга салыштырмалу
3,5 эсе өсүш болду.
Астанада Тышкы иштер министрлигинде өлкө өз ара түшүнүшүү тууралуу дагы бир
меморандумга кол коюшту. Анын алкагында заманбап өнөр жай зоналары жана
транспорттук инфраструктурасы менен белгилүү болгон Вьетнамдын өнүккөн
провинцияларынын бири Бакнинь эми Казакстандын Чыгыш Казакстан облусу менен
тыгыз кызматташат. Тышкы саясий мекемеден белгилешкендей, документ эки тараптуу
товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн
жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков