К. Токаев Бээжинде «Бир алкак, бир жол» форумуна катышты

К. Токаев Бээжинде «Бир алкак, бир жол» форумуна катышты

Касым-Жомарт Токаевдин Бээжинге расмий сапарынын 2-күнү “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташуу форумуна катышуу менен башталды. Кытайдын бул демилгеси дүйнөлүк масштабдагы чоң долбоорго айланды. Бүгүнкү күндө ага катышкан мамлекеттердин демилгелеринин аркасында Азиянын, Европанын жана Африканын 150дөн ашык өлкөсү темир жол тармактары, ылдам жүрүүчү магистралдар жана деңиз жолдору аркылуу байланышын түзүп турат. Натыйжада жүк ташуу, соода алмашуу жана дүйнөлүк сооданын көлөмү өсүүдө. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, аталган долбоор азыркы замандын эң татаал чакырыктары менен натыйжалуу күрөшө алган өлкөлөр үчүн жалпы жыргалчылыкка айланды. Мамлекет башчысы Казакстандын транспорт жана логистика тармагындагы жетишкендиктери тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бүгүнкү күндө Кытайдан Европага жер үстүндөгү транзиттик транспорттун дээрлик 85 пайызы Казакстандын аймагы аркылуу өтөт. Акыркы 15 жылда биз бул максаттарга 35 миллиард доллардан ашык каражат бөлүп, транспорт жана транзиттик тармакты өнүктүрүүгө басым жасадык. Ляньюньгандагы казак-кытай логистикалык борбору, «Хоргос» кургак порту, Батыш Европа-Батыш Кытай транзиттик автожолу, Кытайдан Иранга темир жол коридору сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор ишке кирди.

Казакстан муну менен токтоп калбайт. Маселен, республикада үч жылдын ичинде 1300 чакырым жаңы темир жол салынат. Кытай менен чек арага үчүнчү темир жол өткөрүү пунктун ачуу жана «Бахты» менен «Калжат» жаңы кургак порттордун курулушу мерчемделип жатат. Бул Кытайдын глобалдык демилгеси менен айкалышкан Казакстандын ири экономикалык долбоорлору. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Транскаспий эл аралык транспорттук каттамынын өзгөчө ролуна көңүл бурду. Бул каттам Кытайды, Борбор Азияны жана Европаны бириктирген мега-долбоордун кургактагы көпүрөсүнө айланышы мүмкүн жана жүк ташуу убактысын эки эсе кыскартуу менен катар транспорттук чыгымдарды азайтууга салым кошот.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан менен Кытайдын ортосунда Транскаспий багытын өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык эки келишимге кол коюлду. Бул келишимдер жакын арада олуттуу натыйжаларды берерине ишенем. Күч-аракеттерибизди натыйжалуу координациялоо үчүн негизги стратегиялык порттордун, логистикалык борборлордун жана почта түйүндөрүнүн өнөктөштүк тармагын түзүүнү сунуштайм. Буга кошумча, кемелер менен контейнерлердин биргелешкен өндүрүшүн жолго коюуга кызыктарбыз. Казакстан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү үзгүлтүксүз ташуу ишин камсыз кылуу менен дүйнөнүн алдыңкы авиакомпаниялары үчүн ыңгайлуу порт болууга даяр.

Мамлекет башчысы жаңы глобалдык долбоор болгон “Санариптик Жибек жолу” демилгесинин алкагында өнөктөштүк көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын белгиледи. Анын айтымында, мындай кызматташтык экономикалардын инновациялык өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Белгилей кетсек, форумга 20дан ашык мамлекеттин лидерлери, 130дан ашык өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков