Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Францияга келди. Париж аэропортунда Президентти өлкөнүн тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро тосуп алды. Мамлекет башчысы бүгүн француз кесиптеши Эмануэль Макрон жана ишкерлер менен жолугушары күтүлүүдө. Елисей сарайында сүйлөшүүлөр учурунда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы бир катар маселелерди талкуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков