Нью-Йоркто Казакстандын экономикалык дарамети
тааныштырылды. Анда «Kazakhstan Finance Day» форуму өттү. Мындан тышкары,
дүйнөлүк каржы рыногунун негизги оюнчулары жана бизнес-өнөктөштөр өлкөнүн
өнүгүү динамикасы жана учурдагы инвестициялык долбоорлор менен тааныша алышты. Иш-чаранын
жүрүшүндө катышуучуларга санариптештирүү тармагындагы жетишкендиктер жана
улуттук каржы инфраструктурасынын технологиясын, коопсуздугун жана
натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мындан аркы пландар сунушталды. Мамлекеттин банк
секторунун кайрылуулары чоң кызыгууну жаратты. Жалпысынан форумга эки өлкөнүн
450дөн ашык серепчилери, анын ичинде Уолл Стриттин ири инвесторлору катышты.
Мадина Абылкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин
төрагасы:
- Биздин эки чоң Каржы тобубуз бул - Kaspi.kz. Мында
Америка фондулук биржасында, Nasdaq биржасында
тизмеленген. Ошондуктан, ал америкалык инвесторлор арасында абдан чоң кызыгууну
жаратат. Биздин Halyk Bank да Лондон фондулук биржасында катталган. Ага ылайык,
инвесторлор өлкөнүн экономикалык абалын, каржы рыногунун абалын изилдешет. Алар
ошондой эле биздин негизги флагмандардын, коомдук IPOго чыккан флагмандык
компаниялардын акцияларын сатып алууга абдан кызыкдар. Казакстан рыногунда
акцияларды жана карыздык инструменттерди сатып алган инвесторлордун саны көбөйгөнүн
байкап жатабыз.
Брайын Хук,
Cerberus Capital Management вице-төрага:
- «Kazakhstan Finance Day» аянтчасында сиздердин өлкө менен кызматташууга кызыкдар болгон көптөгөн америкалык компаниялар, анын ичинде биздики да бар. Казакстандын ИДӨ рекорддук көрсөткүчтө
өсүп жатат. Президент Касым-Жомарт Токаевдин 2029 - жылга карата экономиканын өсүшүн эки эсеге көбөйтүү милдетин койгону бизди өзгөчө кубандырат. Экономикалык эркиндик өлкөлөрүнүн рейтингинде республика дүйнөлүк орточо деңгээлден жогору позицияны ээлей турганын билебиз. Америкалык инвесторлор мыйзамдын үстөмдүгү, салыктар, болжолдуу жөнгө салуу маселелерине кызыгышат. Дал ушул багыттарга сиздердин өлкөдө чоң көңүл бурулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков