Казакстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууда

Казакстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууда

Казакстан менен Грузия өз ара соода көлөмүн арттырууга ниеттенүүдө. Астанада Премьер-министрлер Олжас Бектенов менен Ираклий Кобахидзе жолугушту. Транскаспий эл аралык транспорттук каттамында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө чоң дарамет бар. Анын үстүнө өткөн жылы Казакстан менен Грузиянын ортосундагы коридор аркылуу ташуулардын көлөмү 62% га өсүп, 4,5 миллион тоннага жетти. Учурда каттамдын инфраструктурасын жакшыртуу, порттук жана терминалдык кубаттуулуктарды күчөтүү, административдик тоскоолдуктарды алып салуу жана жүк ташуучулар үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ушундан улам, 2027-жылга чейин орто коридордун кубаттуулугу жылына 10 миллион тоннага чейин көбөйөт деп күтүлүүдө. Ошол эле учурда казакстандык компаниялар Грузиядагы кубаттуулуктарды арттырууга да катышууда. Ошентип, ушул жылы Грузиянын Поти портунда жаңы мультимодалдык терминалды ишке киргизүү коздөлүп жатат.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Грузия менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Ар кандай деңгээлдердеги активдүү диалог эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары ар тараптандырууга жана кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Бүгүнкү күндө Казакстан-Грузия мамилелери бардык багыттар боюнча динамикалуу өнүгүүдө.

Ираклий Кобахидзе, Грузиянын Премьер-министри:

- Бул менин Казакстанга болгон биринчи расмий сапарым, ал экономикалык жана маданий өз ара аракеттешүүнү күчөтүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттер ортосунда кызматташтыктын ар кандай багыттарында чоң жетишкендиктер бар. Биз Казакстан менен ар тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз.

Казакстан Грузияга айыл чарба, металлургия өнүмдөрүн, мунай экспорттойт. Ал эми жакында бул тизмеге жалпы баасы 66 миллион долларды түзгөн 35 товар кошулду. Айыл чарбасындагы кызматташтык келечектүү болуп саналат. Агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүнүн көлөмү 71 миллион доллардан ашты. Казакстандык бизнестин грузин рыногуна ун, өсүмдүк майлары, макарон азыктары, сүт жана кондитердик азыктарды жеткирүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков