Касым-Жомарт Токаев Костанай облусунун акимине аймакты газ
менен камсыз кылуу долбоорун өкмөт менен
биргеликте өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Кумар Аксакаловдун айтымында,
азыркы учурда Актөбе облусунан Костанай шаарына чейин магистралдык газ түтүгүн
тартуу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда. Көгүлтүр отун
менен камсыз кылууну көбөйтүү жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга,
анын ичинде ысык брикеттелген чоюн жана болот
эритүүчү заводдорду курууга мүмкүндүк берет. Ал эми бул өз кезегинде аймактын
өнүгүшүнө кошумча экономикалык түрткү болот. Бүгүнкү күндө жалпы аймактын
өнүмдөгү өнөр жайдын үлүшү 30%дан ашты
Кумар Аксакалов, Костанай облусунун акими:
- Мен президентке
2023-жылдын жыйынтыгы Костанай облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча
баяндама жасадым. Президенттин кайрылуусундагы бардык тапшырмалар 2024-жылы
кандай аткарыларын дагы бир жолу түшүндүрдүм. Президент бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Биринчи кезекте айыл чарба тармагына, келерки
жылдын жазгы жумуштарына байланыштуу облусту газдаштыруу маселесине бир аз
көңүл бурулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков