Казакстан менен Германиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстан менен Германиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Эске салсак, бир күн мурун ал мамлекеттик сапар менен Казакстанга келген. Касым-Жомарт Токаев менен Франк-Вальтер Штайнмайер казак-герман стратегиялык өнөктөштүгүнүн абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, транспорттук жана логистикалык тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Мамлекет башчылары ошондой эле Транскаспий эл аралык транспорттук жолун өнүктүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн, мунай жана  газ, жашыл энергетика менен өнөр жай тармагында өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков