Каспий деңизинде суунун деңгээлинин төмөндөшү мүмкүн болгон учурда дагы, Казакстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик чек ара сызыгы өзгөрбөйт. Тиешелүү келишимди парламенттин жогорку палатасынын депутаттары жактырды. Сенатта белгиленген документ коңшу өлкө менен талаш-тартыштар үчүн мүмкүн болгон өбөлгөлөрдү жок кылат.
Бул Каспийдеги мамлекеттик чек араларды мыйзамдуу түрдө бекиткен тарыхтагы биринчи документ. Ал чек ара сызыктарын белгилөө үчүн гана эмес, балык уулоо зоналарын делимитациялоо үчүн да иштелип чыккан. Эң негизгиси – деңиздин маанилүүлүгүн моюнга алуу менен өлкөлөр ортосундагы саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана коңшулук мамилелерди чыңдайт. Белгилей кетсек, Түркмөнстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча келишимге 2021-жылдын тогуздун айынын 25инде Ашхабадда кол коюлган.
Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы:
Мыйзам Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктоого, Каспий деңизиндеги эки мамлекеттин мамлекеттик чек арасын мыйзамдуу түрдө бекитүүгө мүмкүндүк берет. Келечекте бул мыйзам эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков