Казакстандын Президенти КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешинин отурумунда сөз сүйлөдү

Казакстандын Президенти КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешинин отурумунда сөз сүйлөдү

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги – өлкөлөр арасындагы ишенимди бекемдөөчү натыйжалуу эл аралык механизм. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Дүйшөмбү шаарындагы КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Касым-Жомарт Токаев бул жыл Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын белгиси астында өтүп жатканын баса белгиледи. Геосаясий дүрбөлөңдөрдүн азыркы шарттарында каатчылыктардын алдын алуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү маанилүү.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Эл аралык укуктун негиздеринин бузулууга учурашы, мамлекеттер арасындагы ишенимдин кескин төмөндөшү, конфронтациялык риториканын күчөшү, көп тараптуу дипломатиянын каатчылыкка кептелиши, Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу дараметинин  бир топ алсырашы бизди тынчсыздандырат. Геосаясий дүрбөлөңдөрдүн шартында КМШ өлкөлөрүнүн жана бардык тарапкерлерибиздин күч-аракеттерин бириктирип, чыр-чатак жаратуучу факторлорду жоюу өтө маанилүү.


Касым-Жомарт Токаев стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизди. Ал Шериктештиктин соода-экономикалык дараметин мындан ары да арттыруу үчүн биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүү, инвестиция тартуу, санариптик чечимдерди киргизүү жана транзиттик-транспорттук дараметти натыйжалуу пайдалануу зарыл деп эсептейт. Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү өткөн жылы 110 миллиард долларга жетти. Ал эми Казакстан менен соодалашуу акыркы беш жылда бир жарым эсеге өстү. Буга транспорттук коридорлор маанилүү роль ойнойт. Регион - Европа менен Азиянын ортосундагы байланыштыруучу звено, ошондой эле глобалдык транспорттук-логистикалык системада да маанилүү.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Бирдиктүү санариптик транспорттук-логистикалык Шериктештик картасын даярдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайм. Бул улуттук инфраструктуралык пландарды бириктирип, транспорттук өз ара байланыштын бүтүн мейкиндигин түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул инвестициялардын чоң көлөмүн тартуу үчүн шарттарды камсыз кылат. Казакстандын демилгеси менен КМШ мамлекеттеринин аймактары аркылуу өткөн негизги транспорттук артерияларды байланыштыруу концепциясын даярдоо аяктоого жакын.

 

Экологиялык коркунучтар, табигый кырсыктар жана техногендик катастрофалар КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн олуттуу тобокелдиктер болуп саналат. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, аларды эрте аныктоо жана алдын алуу үчүн натыйжалуу куралдарды колдонуу зарыл. Ал Өзгөчө климаттык жана техногендик кырдаалдарды болжолдоо боюнча аймактык борборду түзүүгө биригүүнү сунуштады. Ошондой эле креативдүү индустрияларды өнүктүрүү керек. Бул сектор республикага 2 миллиард доллардан ашык киреше алып келди. Казакстандын президенти КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун базасында Креативдүү индустриялар ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Касым-Жомарт Токаев КМШнын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын чыңдоонун маанилүүлүгүн да белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Казакстан Республикасынын сунушу боюнча 2023-жылы Көзөмөлчү жана КМШнын Өнөктөшү институттары түзүлгөн. Бул демилге биринчи оң натыйжаларын берип жатканына кубанычтамын. Бүгүн биз Шанхай кызматташтык уюмуна Көзөмөлчү макамын берүү жөнүндө чечим кабыл алабыз. Бул окуя евразиялык аймактык структуралардын өз ара аракеттенүү тарыхында жаңы барак ачат. Мындан тышкары, биз Москвадагы саммитте Казакстан тарабынан сунушталган «КМШ+» өз ара аракеттенүү форматын түзүп жатабыз. Бул кадам дагы КМШнын эл аралык аренадагы ролун күчөтөт деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков