Казакстан менен Франция билим берүү жана илим жаатында
кызматташтыкты бекемдеп жатышат. Астанада эки өлкөнүн университеттеринин
ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн түзүлгөн «Lumières» фонду ачылды. Жаңы аянтча биргелешкен билим берүү
программаларын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жана илимий
долбоорлорду ишке ашырууну колдойт. Фонд ошондой эле казакстандык студенттердин
Францияда окуусу үчүн гранттарды жана стипендияларды тартуу менен алектенет.
Жогорку окуу жайларынын бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүнө жана
талап кылынган адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, азыр Казакстан менен Франциянын ортосунда 40ка жакын
өнөктөштүк долбоору жана 20га жакын кош диплом программасы иштеп жатат. Фонд Максуд Нарикбаев университетинин базасында иштейт.
Анар Ибраева, MNU ректору:
– Биз AI багытын өнүктүрүүнү пландаштыруудабыз,
тагыраак айтканда, ушул жылдын тогуздун айында ачып жаткан жаңы билим берүү
программасынын алкагында кызматташуу, жасалма интеллектти илгерилетүү боюнча.
Ал AI plus X деп аталат, мында X - биздин университеттин багыттарынын бири.
Сильван
Гиоге, Франциянын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси:
– Биздин
максатыбыз – өнөктөштүктүн жана кош дипломдордун санын көбөйтүү. Мындай фонд
бизге университеттердин өнөктөштөрүнүн муктаждыктарына гана эмес, ошондой эле
ишканалардын муктаждыктарына да конкреттүү жооп берүүгө жардам берет, анткени
биз Казакстандын экономикасынын абдан күчтүү өнүгүүсүн көрүп жатабыз. Көптөгөн компанияларга
жакшы адистер, жакшы инженерлер жана техниктер керек.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

