«Болашак» программасынын алкагында таланттуу балдарды колдоо

Эми «Болашак» программасы менен окуу жайды артыкчылык менен аяктаган таланттуу балдар да окуй алышат. Бүгүнкү күндө бул боюнча жумушчу топ түзүлүп, маселе такталып жатат. Киргизилген нормаларга ылайык, таланттуу окуучулар акчалай сыйлыктарды жана гранттарды гана албастан, муну менен катар «Болашак» программасынын алкагында бакалавриат программасына да тапшыра алышат. Анын негизги шарты боюнча талапкер эл аралык олимпиаданын же долбоордун жеңүүчүсү болушу керек. Ал эми билим берүү конкурстарынын тизмеси республикалык «Болашак» программалык комиссиясы тарабынан бекитилет. Белгилей кетсек, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, «Болашак» программасы менен магистратура, докторантура жана стажировка программаларында гана окууга болот.

Алия Оспанова, «Эл аралык программалар борбору» АК башкарма төрагасы:

- «Болашак» программасы чет өлкөдө билим алган казакстандык жарандарды өлкөгө кайтаруунун негизги механизми болуп саналат. Башка аналогдор сыяктуу механизм жок. Казакстандын ар бир жараны тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Эгерде мектепти аяктаган эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө тандоо мүмкүнчүлүгүн берсек, алар «Болашак» программасы менен чет өлкөдөн билим алып, кайтып келип, өлкөгө салым кошуунун бир жолу болот. Болбосо, эл аралык университеттерден чакырууларды кабыл алса болот.

Эске сала кетсек, 31 жылда 12,5 миңден ашуун казакстандык «Болашак» эл аралык стипендиясы менен чет өлкөдө билим алган. Жыл сайын республикалык бюджеттен стипендияга 20 млрд теңге жумшалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков