Казакстан менен Беларусь бир нече тармакты бирге өнүктүрүүнүн жол картасын бекитти

Казакстан менен Беларусь бир нече тармакты бирге өнүктүрүүнүн жол картасын бекитти

Казакстан менен Беларусь жасалма интеллект тармагында күч бириктирүүгө ниеттенүүдө. Ошондой эле, айыл чарба агрардык илимин бирге өнүктүрүүгө кызыкдар. Мындан тышкары, жаңы экспорттук рынокторго чыгуу үчүн транспорттук катнашты тездете алат. Бүгүн Олжас Бектенов менен Беларусь премьер-министри Александр Турчин ушундай бир нече тармакты бирге өнүктүрүүнүн Жол картасына кол коюшту. Анын ичинде Астана шаары менен Алматы облусу менен соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды беките турган документтер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков