Казакстанда суу ташкынын алдын алуу чаралары жүзөгө ашырылууда

Казакстанда суу ташкынын алдын алуу чаралары жүзөгө ашырылууда

Казакстан жазгы суу ташкынын алдын алууга эртеден эле даярдык көрүүдө. Бүгүнкү күндө оор мезгилде 84 калктуу конушту топон суудан сактоо боюнча 56 долбоор ишке ашырылууда. Бул кооптуу аймактарда 580 миңдей калк жашайт. Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жалпы узундугу 310 чакырымды түзгөн дамбаларды көздөлгөн. Бүгүнкү күндө бул иштердин дээрлик жарымы бүткөрүлдү. Ошондой эле республикадагы гидротехникалык курулуштардын коопсуздугу изилденип жатат.

Гүлзат Махаева, Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин гидротехникалык курулуштар башкармасынын башкы серепчиси:

- 2024-жылдагы суу ташкыны мезгилинин кесепеттерин жоюу максатында Казакстан Республикасынын Суу чарба жана ирригация министрлиги жергиликтүү аткаруу бийлик органдары менен биргеликте гидротехникалык курулмаларды жана коргоочу дамбаларды калыбына келтирүүнү колго алды. 2024-жылы 56 долбоордун 27си боюнча иштер аткарылды. Калган 29 объектини 2025-жылы пайдаланууга берүү мерчемделип жатат.

Кошумчалай кетсек, өлкөдөгү суу сактагычтар ташкын сууну кабыл алууга даярдалып жатат. Бүгүнкү күндө аларда чогулган суулар койо берилип, деңгээли төмөндөтүлүүдө. План боюнча бош кубаттуулуктарды камсыз кылуу максатында 2025-жылдын чын куран айына чейин кампалардагы суунун көлөмүн 39%дан 73%га чейин кыскартуу каралган.

Ерис Исмаилов, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги суу ресурстарын жөнгө салуу, коргоо жана пайдалануу комитетинин башкы адиси:

- Жазында селди суу сактагычтарга топтоо менен чектелбестен, аны көл системасына, табигый жайыттарга, шалбааларга багыттоо да маанилүү. Ошондуктан сууну билгичтик менен бөлүштүрүү иштерин алдын ала пландаштыруу керек. Дыйкандардын жана башка суу пайдалануучулардын суроо-талаптары толугу менен канааттандырылды. Маселен, өткөн сугат мезгилинде республиканын чарбаларына 11 миллиард кубометрге жакын суу берилди. Мындан тышкары чоң жана кичине суу объектилерин сактоо жана калыбына келтирүү боюнча бир топ иштер аткарылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков