Казакстан менен Евробиримдик туруктуу чийки зат, аккумуляторлор жана жашыл суутек кошумча чынжырчасы жаатында стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумду бекитти. Премьер-министр Алихан Смаилов менен Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен климаттын өзгөрүшү боюнча глобалдык конференциянын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында документке кол коюшту. Маанилүү келишим Казакстандын Евробиримдиктин өнөр жай альянстары менен финансылык жана технологиялык кызматташтыгын орнотуу үчүн шарт түзөт. Ошондой эле өлкөдөгү кендерди чалгындоого инвестиция тартууну көздөйт. Мындан тышкары адистерди даярдоо жана Европанын эң мыкты окуу жайларында такшалмадан өтүү үчүн программа жана атайын Жол картасы түзүлөт.
Алихан Смаилов, Казакстандын премьер-министри:
Евробиримдик Казакстандын эң ири жана эң маанилүү соода өнөктөшү. Өлкөнүн тышкы соодадагы үлүшүнүн 30%га жакыны Европа Биримдигине таандык. Ошону менен бирге биз инвестициялык кызматташтыкты арттыруу жана өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн чоң потенциалды көрүп турабыз. Жалпысынан биздин өлкөдө Европалык бизнес үчүн абдан жагымдуу болгон бардык зарыл факторлор бар, анын ичинде ар тараптандырылган энергия булактары жана жогорку транзиттик-транспорттук потенциал. Бүгүн биз кезектеги 27-жыйынында стратегиялык өнөктөштүк боюнча документке кол койдук.
Урсула фон дер Ляйен, Еврокомиссиянын төрайымы:
Евробиримдик менен Казакстан көп жылдардан бери бекем экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө. Европалык Биримдик Казакстандагы эң ири чет элдик инвестор болуп саналат, ал түз чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 60%ын түзөт жана бүгүн кол коюлган меморандум бул мамилелерди дагы да кеңейтет. Алар биздин ниетибизге туура келет.
Саммитте Алихан Смаилов Казакстан климат боюнча Париж келишиминин максаттарын бекем карманарын белгиледи. Буга байланыштуу ал жыл аягына чейин Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп өлкөдө аз көмүртектүү өнүгүү стратегиясын кабыл алуу пландалып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Казакстан энергия булактарын өнүктүрүү боюнча аймактык борбор болууга даяр экенин кошумчалады. Бул жагынан алганда, «Астана» КТБ (калкты тейлөө борбору) «жашыл» каржылоонун уникалдуу аймактык инвестициялык борбору боло алат. Климат боюнча саммитке 120дан ашык мамлекет катышууда. Алар климаттын өзгөрүшүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча өз өлкөлөрүнүн позицияларын билдирген «улуттук кайрылууларды» жасашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков