Казакстандыктар АMAZONдо соода жүргүзүшөт

Казакстандыктар АMAZONдо соода жүргүзүшөт

Ата мекендик ишканалар эл аралык рынокко чыкты. Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги дүйнөдөгү эң ири электрондук соода платформасы Аmazon-дун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Казакстан аталган интернет платформасында соода кыла турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилди. Ата мекендик чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү учурда аянтчага катталып, өз өнүмдөрүн сунуш кыла башташты. Төлөмдөрдү түздөн-түз Казакстан банктары аркылуу алат.

Ал эми Казакстандын ири өнөр жай ишканалары үчүн мүмкүнчүлүктөр кыйла кенен, алар башка өлкөлөрдүн тендерлерине катыша алышат.

Бүгүнкү күндө Аmazon платформасында 200-дөн ашуун мамлекеттен 2 миллиондой чакан жана орто бизнес катталган. Өткөн жылы эле платформада соода жүгүртүүнүн көлөмү 386 миллиард доллардан ашты.

Максим Югай, кабелдик куурларды чыгарган заводдун мүдүрү:

- Азыр Амазон бизнеси Европада абдан жигердүү. Ал Түндүк Америкада өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. Албетте, бул биз үчүн жана бардык казакстандык компаниялар үчүн чоң рынок. Бул жаңы базарларга чыгуунун жакшы жолу. Ал эми мамлекет үчүн бул валюталык экспорттук киреше болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков