Казакстан быйыл да экономикасын ар тараптандырууга жана кайра иштетүү өнөр жайынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга артыкчылыктуу көңүл бурууда. Алсак, үстүбүздөгү жылы 180 инвестициялык долбоорду ишке киргизүү мерчемделип жатат. Анын жалпы суммасы 1,3 трлн теңге. Анын 164ү өндүрүш тармагына таандык. Бул жаатта айта кетчү жагдай, бүгүнкү күндө улуттук санариптик инвестициялык платформада 760тан ашуун ири долбоорлор катталган. Алардын жалпы баасы 35 триллион теңгеден ашат.
Айгүл Көшербаева, Президент алдындагы КСИИ башкы илимий кызматкери:
- Эл аралык банктардын божомолуна караганда, Казакстандын экономикасынын ички дүң өнүмүнүн өсүшү 3-4% түзөт. Бирок жакында эле биздин мамлекет берген маалыматты салыштырып көрсөк, ушул 11 айда ички дүң өнүмдүн өсүшү 4,4%ды түздү. Бул ички дүң өнүмдүн өсүшүнө кандай факторлор таасир этти? Негизинен, бул, албетте, өндүрүш деп айтабыз.
Ошентип, өндүрүш өнөр жайы импортту алмаштыруу менен бирге чийки эмес экспорттун көбөйүшүнө жаңы дем берди, дейт серепчи. Алсак, үстүбүздөгү жылы ишке киргизилген өндүрүштөрдүн санынын 6 трлн теңгеге көбөйүшү жана импортко көз карандылыктын 1,5 трлн теңгеге азайышы күтүлүүдө. Башкача айтканда, жыл башынан бери казакстандык даяр товарларды башка өлкөлөргө сатуу көрсөткүчү 10%га өстү. Жалпысынан 2024-жылы 116 миллиард долларга жеткен тышкы товар жүгүртүүнүн жарымынан көбү экспортко туура келет.
Арман Шаккалиев, соода жана интеграция министри:
- 2024-жылдын аяк оона айында Казакстан биринчи жолу Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында соода саясатына сереп салды. Казакстан Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүдө алган милдеттенмелерин аткаруу жыйынтыгы чыкты. Чет элдик серепчилер Казакстандын экономиканы ар тараптандыруу, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу боюнча ишин жогору баалашты. Эл аралык коомчулук биздин өлкөнү ишенимдүү жана алдын ала айтууга боло турган өнөктөш катары тааныды.
Казакстан өзүнүн ыңгайлуу географиялык жайгашуусун эске алуу менен өзүнүн соода алкасын жана транзиттик-транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн толук өлчөмдө ачууга ниеттенүүдө. Анын экөөсүнүн өнүгүүсү абдан жигердүү.
Марат Карабаев, Транспорт министри:
- Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы. Бүгүнкү күндө анын кубаттуулугу 6 миллион тоннаны түзөт. Акыркы 4 жылда коридордо ташуунун көлөмү 5 эсеге көбөйүп, 800 миң тоннадан 4,1 миллион тоннага жетти. Биздин максат – жакынкы арада каттамдын кубаттуулугун 10 миллион тоннага жеткирүү. Түндүк-Түштүк экинчи эл аралык транспорт коридорунун жалпы кубаттуулугу жылына 10 миллион тоннаны түзөт. Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар каттамдын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына эки эсеге өстүрүп 20 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү коздөйт.
Жалпысынан өткөн жылы Казакстан 32 миллион тонна транзиттик жүк ташыган. Быйыл бул көрсөткүч 6 % га өстү. 2030-жылга чейин жүк ташуунун көлөмүн үч эсеге көбөйтүү милдети турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

