Мажилисте аткаруучулук иш жүргүзүүнү жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Мажилисте аткаруучулук иш жүргүзүүнү жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Сот аткаруучулардын жоопкерчилиги жогорулап, алардын милдеттеринин чөйрөсү кеңейиши мүмкүн. Мажилисте аткаруу өндүрүшүн жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Документте бул чөйрөдөгү мыйзамдардагы кемчиликтерди, карама-каршылыктарды, коррупциялык көрүнүштөрдү шарттаган ченемдерди жоюу каралган. Аткаруу өндүрүшү боюнча даттануулардын жана кайрылуулардын санын кыскартуу, ага катышкан жарандардын жана уюмдардын укуктарын камсыз кылуу мерчемделген. Аталган мыйзам долбоору депутаттардын демилгеси менен иштелип чыкты. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, документтин кабыл алынышы тармактагы бир катар талаштуу маселелерди чечүүгө жардам берет.

Дмитрий Колода, Казакстан Парламенти, Мажилисинин Депутаты:

– Жеке сот аткаруучулардын аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин сот аткаруучулар тарабынан чыгарылган мажбурлоо чаралары жөнүндө бардык чечимдерди жокко чыгаруу, коррупциялык укук бузууларды болтурбоо максатында карызкорду чакыруу үчүн негиздерди кыскартуу, жеке сот аткаруучулардын токтомунун көчүрмөсүн жөнөтүү жана мажбурлап аткартуу чаралары тууралуу маалымдама берүү боюнча милдетин белгилөө көздөлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков