Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды кызыктырган суроолорго жооп берет. Президент каргашалуу үчтүн айындагы окуялардын себептери жана кесепеттери, алдыдагы саясий-социалдык реформалар тууралуу маалымат берет. Ошондой эле, маек учурунда Казакстандын тышкы саясаттагы стратегиялык өнөктөштөрү менен алакасын жана алар кабыл алган чечимдери тууралу айтылат. Президенттин маегин бүгүн саат 20:30да «Qazaqstan» улуттук теле каналынан көрүүгө болот. Саат 00:20да «Qazaq TV», «Хабар», «Хабар 24» каналдарынан кайрадан көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков