Казакстан менен ЕАЭБ мамлекеттеринин соода алмашуусу 12%га өстү

Казакстан менен ЕАЭБ мамлекеттеринин соода алмашуусу 12%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында 9 миллиард долларга жакын өскөн. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 12%га көп, деп билдирет Улуттук статистика бюросу. Ошондой эле республиканын экспорттук дарамети бир кыйла жогорулады. Акчалай алганда 3,5 миллиард долларды түздү. Ал эми импорт азайды. Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө унааларды, жабдууларды, транспорттук каражаттарды, приборлорду жана аппараттарды, ошондой эле химиялык жана аралаш өнөр жай өнүмдөрүн соодалайт. Ал эми алар мал жана жашылча өнүмдөрүн, даяр тамак-аш өнүмдөрдү, металл жана металлдан жасалган буюмдарын, ошондой эле башкаларды сатып алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков