Казакстанда
биринчи жолу окумуштуулар жер астындагы суулардын корлору санариптештирди.
Булактарды изилдөө өлкөнүн гидрогеологиялык карталарынын санарип атласына айланды.
Аны түзүүдө Алматыдагы Гидрогеология жана геоэкология институтунун
кызматкерлери геодезиялык кызматтын жана башка мекемелердин маалыматтарын
пайдаланышты. Системага ар бир райондогу туздуу же таза суунун корлору тууралуу маалымат
киргизилген. Иштеп чыгуучулар айткандай, санарип платформа суу ресурстарын
натыйжалуу башкарууга жана нымдын жетишсиздигине каршы күрөшүү боюнча
чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Данияр Сапаргалиев, Гидрогеология
жана геоэкология институтунунун жоопкерчиликтүү катчысы:
- Жер астындагы суулар – эң
маанилүү пайдалуу кендердин бири, ошондой эле Казакстандын суу коопсуздугу үчүн
стратегиялык ресурс. Ошондуктан изилдөөчүлөр аларга өзгөчө көңүл бурушат. Сууга
болгон суроо-талаптын өсүшү жана климаттын өзгөрүшү шартында, атлас суу
ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, коргоо жана башкаруу үчүн негизги курал
болуп калышы мүмкүн. Карталар жер астындагы суулардын абалын, сапатын жана
таралышын, алардын корлорун визуалдуу түрдө чагылдырат. Мындан тышкары, жаңы
Атлас жер астындагы корлорду, анын ичинде геотермалдык жана минералдык
сууларды, ошондой эле өлкөнүн экология менен тыгыз байланышта болгон
гидрогеологиялык абалын так баалоого жана пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Окумуштуулар белгилегендей, климаттын өзгөрүшү шартында Атлас суунун жетишсиздигинин тобокелдиктерин болжолдоого жана терс кесепеттерден арылууга жардам берет. Ошондой эле, ал Казакстандын аймактарынын ортосунда ресурстарды бөлүштүрүү үчүн объективдүү базаны камсыз кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

