Кытай Казакстандын космос тармагына кайтарымсыз гранттарды бөлөт

Кытай Казакстандын аэрокосмостук тармагына кайтарымсыз грант бөлөт. Бул багытта эки тарап кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Жаңы келишимдин алкагында КЭР ата мекендик космостук өнөр жай технологияларын өнүктүрүүгө 100 миллион юань бөлөт. Башкача айтканда, каражат бул багытта өлкөдөгү илимий-изилдөө институттарынын инфраструктурасын жаңылоого жумшалат. Ошол эле учурда астрофизика жана ионосфера сыяктуу асман ааламын изилдөө боюнча биргелешкен долбоорлор ишке ашырылат. Өкмөттөр аралык кызматташуу билим жана өндүрүштүк тажрыйба алмашууну камтыйт. Тармактык мекеменин өкүлдөрү гранттар сынак аркылуу берилерин айтышат.

Баубек Оралмагамбетов, санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министрлигинин аэрокосмос комитетинин төрагасы:

– Келишим бар. Бизде конкреттүү долбоорлорго келе турган бир нече тизмелер бар. Ошол эле жобо боюнча тизмени тандоодон өтүшү керек. Биз алгач бизге керектүү талаптарды беребиз. Кийин Кытай тарап менен биргеликте тизмеден бир нече долбоорлорду тандап алабыз. Андан соң кытайлык өндүрүш ишканалары менен илимий компаниялар арасында сынак өткөрүлөт. Сынакта жеңген кытайлык компаниялар өздөрүнүн билимин, технологияларын бизге грант аркылуу өткөрүп беришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков