Казакстандагы айыл чарба каттоосу эки этапта өтөт жана тогуздун айынын 20на чейин уланат

Казакстандагы айыл чарба каттоосу эки этапта өтөт жана тогуздун айынын 20на чейин уланат

Кыргызстанда баш оона айынын 1нен баштап улуттук айыл чарба каттоосу башталат. Ал эки этапта өтөт - биринчиси баш оона айынын 31не чейин, экинчиси – тогуздун айынын 20на чейин. Тиешелүү министрлик жергиликтүү айыл чарба адистерин каттоодон өтүүгө чакырат. Ири статистикалык байкоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлөт, жалпысынан 2 миллионго жакын үй чарбасы жана 300 миңден ашуун айыл чарба өндүрүүчүлөрүн камтуу пландаштырылган. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, сурамжылоо жүргүзүү үчүн 3 жарым миңден ашуун интервьюер тартылат. Бул кызматты почтачылар да аткарат.


Бек Махсат уул, Улуттук каттоо жүргүзүү башкармасынын башчысы:


- Эсептөөдө алгач интервьюерлерди көзөмөлдөө үчүн GPS мониторинги колдонулат. Мисалы, алар үй чарбасына келип сурамжылоо баштаганда, GPS мониторинги дароо ишке кирип, сурамжылоого канча убакыт кетерин байкайбыз. Эсептөө учурунда алынган маалыматтар райондор, айылдык округдар боюнча Айыл чарба министрлигине берилет жана бул маалыматтарды министрлик айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн пайдаланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков