Казакстан менен Азербайжан президенттери 10 документке кол коюшту

Казакстан менен Азербайжан президенттери 10 документке кол коюшту

Казакстан менен Азербайжандын президенттери стратегиялык мамилелерди чыңдоо жана союздук кызматташтыкты тереңдетүү боюнча декларацияга кол коюшту. Эскерте кетсек, Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен Бакуда жүрөт. Жеке жана кеңейтилген жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Алардын арасында соода-экономикалык кызматташуу боюнча келишим, транспорт жана транзиттик жүк ташуу жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму бар. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн саясий, экономикалык жана маданий алакаларын чыңдоого, өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Илхам Алиевди «Алтын кыран» ордени менен сыйлады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти

- Биздин чакан курамдагы талкуубуз абдан жемиштүү болду. Менин сапарымдын программасында сизге Казакстан Республикасынын эң жогорку “Алтын Кыран” орденин тапшыруу аземи бар. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келесиз. Бүткүл казак элинин атынан урмат-сыйдын белгиси катары бүгүн сизге «Алтын Кыран» орденин тапшыргым келет.

Ильхам Алиев, Азербайжан Республикасынын Президенти:

- Биз үчүн боордош мамлекет Казакстандын эң жогорку ордени менен сыйлоону зарыл деп эсептегениңизге сыймыктанам. Келечекте достук жана бир туугандык мамилелерибиздин өнүгүшүнө салым кошуу үчүн мен өз тарабымдан бардыгын жасайм. Биздин элдерибизди тарыхыбыз жана жалпы тамырыбыз байланыштырып турат. Бүгүнкү күндө эгемендүүлүк жолу менен ишенимдүү бара жаткан эки мамлекет – Казакстан менен Азербайжан экономикалык өнүгүүнүн жана социалдык маселелерди чечүүнүн жогорку темптерин көрсөтүүдө. Биздин мамлекеттердин кадыр-баркы дүйнөлүк аренада артып келүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков