Мамлекет башчысынын быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү сунушу жаңы Казакстанды түзүү өңүтүнөн каралышы керек. Бул тууралуу Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди. Алдыдагы шайлоо өлкөнүн саясий системасынын өнүгүшүнө жаңы дем берээрин баса белгилеген спикер президенттин «Мамлекетибизди бекемдеп, реформалардын, жаңылануунун багытын кармануу зарыл» - деген позициясын колдой турганын айтты.
Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламент Сенатынын төрагасы:
- Биздин жарандар тарабынан ар кандай суроолор жана кайрылуулар келип турат. Алардын арасында бийликтин жаңылануусу да бар. Жаңы адамдар, жаңы кадрлар маслихатты баштап келиши керек. Эгерде ушундан баштай турган болсок, администрацияларга жаңы акимдер келүүгө тийиш. Ооба, Мажилиске, Сенатка да жаңы адамдар келиши зарыл. Элдин суроосу ушул. Ошондуктан, өлкө президенти ушундай стратегиялык чечим кабыл алды. Бул кадамды жалпы саясий реформалардын көз карашынан кароо керек - деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков