Илим фондунун колдоосу менен Казакстанда 140 завод түзүлдү.
Анын ичинен 15 ата мекендик ишкана өз өнүмдөрүн экспортко чыгарат. Бүгүнкү
күндө аталган долбоорлордун жалпы кирешеси 30 миллиард теңгеге жетти. Бул
тууралуу илим фондунун технологияларды коммерциялаштыруу бөлүмүнүн мүдүрү Серик
Мажикенов билдирди. Ишканалар химиялык, медициналык, жада калса ядролук физика
тармагындагы өнүмдөрдү чыгарышат. Грант ээлеринин саны бизнес өкүлдөрүнөн
түзүлөт. Ошону менен бирге, ушул жылдан тарта гранттык долбоорлордун бардык
катышуучулары үчүн биргелешкен каржылоонун жаңы талаптары бекитилгенин айта
кетели.
Серик Мажикенов, «Илим фонду» АК технологияларды коммерциялаштыруу департаментинин мудүрү:
Быйылкы жылдан тарта гранттын көлөмү 300дөн 350 миллион теңгеге чейин көтөрүлдү. Мындан тышкары, биргелешип каржылоо талаптары өзгөртүлдү. Мисалы, мурда биргелешкен каржылоонун көлөмү бардыгы үчүн 20% болчу. Эми окумуштуулар үчүн бул чек 10%га чейин кыскарды. Себеби, алар каражат издеп эмес, долбоордун ишке ашуусуна көбүрөөк кам көрүшү керек. Көп сандаган стартап-компанияларды түзүүгө дем берүү максатында жаңы ачылган компаниялардын үлүшү 20%дан ашпагандыгы аныкталды. Ал эми ишкерлер үчүн биргелешкен каржылоонун көлөмү 30%ды түзөт.
Серик Мажикеновдун айтымында,
долбоорлордун дээрлик 70%ы агро өнөр жай комплексине тиешелүү. Мындан тышкары
саламаттыкты сактоо, химиялык өндүрүшкө тиешелүү долбоорлор бар. Ар бир тармакка
коюлган талаптар бирдей. Мамлекеттик грантка ээ болуу үчүн атайын сынактан өтүш
керек.
Серик Мажикенов, «Илим фонду» АК технологияларды коммерциялаштыруу департаментинин мудүрү:
Сынактар 2016-жылдан бери жарыяланып келет. Сынак үч жыл катары менен өткөрүлдү. Берилген долбоорлордун ичинен 152 долбоор тандалып, мыкты деп табылды. 2022-жылы 72 жеңүүчү аныкталган. Алардын 68и менен келишим түзүлгөн. 2 долбоор убактылуу токтотулган. Натыйжада азыр 66 демилге ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда.
Фонддун каржылык колдоосу менен өз ишин ишке ашыргандардын арасында Алматы шаары, Алматы облусу жана Түркестан облусу алдыда. Коммерциялаштырылган долбоорлордун көбү өлкөнүн өндүрүштүк керектөөлөрүн жабууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков