Алматы дүйнөнүн эң мыкты 100 шаарынын катарына кирүүгө ниеттенүүдө. Мегаполистин жетекчилиги өзүнө ушундай чоң милдетти койду. Мындай жыйынтыкка жетүү үчүн шаардын экономикасынын структурасын өзгөртүү зарыл, деп билдирди шаар башчысы Бакытжан Сагинтаев атайын брифингде. Эгерде учурдагы негизги киреше булагы соодадан келип жатса, эми башкы көңүлдү өнүгүүнүн таптакыр башка багыттарына буруу кажет. Анын айтымында, бардык күч-аракетти кино, анимация, балет, мода, киберспорт, архитектура жана башка чыгармачыл багыттарды өркүндөтүүгө жумшаш керек.
Бакытжан Сагинтаев, Алматы шаарынын акими:
- Биз шаарыбыздын бардык чыгармачыл тармагынын өкүлдөрүн чогултуп, атайын кеңеш түздүк. Бул багытта сөздөн ишке өтүп, конкреттүү кадамды эмнеден жана кантип баштайбыз? Бул жерде 8 районубуз бар. Алардын ар биринин өзүнүн креативдүү борбору болушу керек. Ошондо гана жаштар бош убактысын текке кетирбей, жай баракат жүрө беришпейт. Бул ишти Алматынын жаңы аймагы Алатау районунан баштадык. Ал жерде жакында эле үч кабаттуу имарат курулганын билгенден кийин, анда жаштардын идеяларын ишке ашыра турган чыгармачылык хаб ачууну чечтик.
Бүгүнкү күндө борборго 1000ге жакын адам келет. Анда республикадагы алгачкы креативдүү индустриялар башкармасынын өкүлдөрү жаңы долбоорлор менен иш алып барууда. Маселен, трамвай депосунун жаңы дизайнын жасоо сыяктуу заманбап долбоорлор ишке ашырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков