2025-жылга чейин 800 миң окуучуга мектептер курулат

2025-жылга чейин 800 миң окуучуга мектептер курулат

Республикада 2025-жылга чейин 800 миң окуучуга ылайыкталган мектептер курулат. Ал эскилиги жеткен жана үч нөөмөттүү мектептердин көйгөйүн чечүүгө багытталган “Жаңы мектеп” улуттук долбоорунун алкагында ишке ашырылмакчы. Бул тууралуу Улуттук экономика министри өкмөттүн жыйынында президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча улуттук иш-чаралар планынын долбоорун тааныштыруу учурунда билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, улуттук иш-чаралар планы 6 багыт боюнча 109 кадамдан турган системалуу жана тармактык иш-чаралардын комплексин камтыйт.

Алибек Куантыров, Казакстандын Улуттук экономика министри:

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” жаңы мыйзам кабыл алынды. Алардын ичинен сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң төмөнкү баасына чейинки сапатка карата талаптарга артыкчылык берилет. Суу тармагындагы топтолуп калган көйгөйлөрдү чечүү үчүн адистердин катышуусунда өкмөткө караштуу Суу кеңешинин иши жанданат. Ошондой эле, суу чарба тармагын өнүктүрүүнүн үч жылдык комплекстүү планы даярдалат. “Айылдык саламаттыкты сактоону модернизациялоо” улуттук долбоору даярдалууда. Мындан тышкары, медициналык инфраструктураны, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу комплекстүү жакшыртуу боюнча чаралар иштелип чыгат.

Өз кезегинде өкмөт башчы акимчиликтерге жана мамлекеттик органдарга улуттук планды ишке ашырууну тез арада баштоону тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

- Планда бааларды жөнгө салуу, салык жана бажылык башкаруу, бюджеттик жараяндарды жөнөкөйлөтүү, ишкердикти колдоо, автоунаа жолдорун куруу, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу, коомдук коопсуздукту чыңдоо сыяктуу эл менен бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү каралган. Улуттук экономика министрлигине премьер-министрдин аппараты менен бирдикте жарлыктын долбоорун бүгүн президенттик аппараттын кароосуна киргизүүнү тапшырам.

Белгилей кетсек, өкмөт мүчөлөрү президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча улуттук пландын долбоорун бир добуштан жактырышты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков