Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 39%га көп. Мындай маалымат Улуттук статистикалык бюронун отчетунда айтылды. Кошумчалай кетсек, былтыр үчтүн айы-бештин айларында Казакстандын Азербайжанга экспорту 375 миллион долларды түзгөн. Көрсөткүч мунай жана мунай өнүмдөрүн, буудайды жана башка товарларды жеткирүү көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өскөн. Ошол эле учурда Азербайжандан Казакстанга кант, атайын сүзүүчү жабдуулар, круиздик экскурсиялык кемелер, паромдор жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн башка каражаттар, кара металл түтүктөрү импорттолгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков