Айыл чарба комплексин өнүктүрүү: өндүрүштүн өcүшү жана экспорт

Айыл чарба комплексин өнүктүрүү: өндүрүштүн өcүшү жана экспорт

Казакстан кайра иштетилген айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону көбөйтүүдө. 2020-жылы өсүш 22% түздү. Ошентип, тышкы рынокко 1,3 миллиард долларлык айыл чарба өнүмдөрү экспорттолду. Бул тууралуу айыл чарба министри Сапархан Омаров билдирди. Анын айтымында, тармактын негизги фондусуна инвестициялар дагы 15%га өскөндүгүн көрсөттү. Натыйжада, айыл чарба тармагына инвестициялардын жалпы көлөмү 677 миллиард теңгеден ашты. Айта кетсек, Казакстандын агроөнөр жай комплекси 2020-жылдын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң чоң өсүштү камсыз кылган. Айыл чарбасынын дүң өнүмүнүн көлөмү дээрлик 6%га өсүп, 6 триллион теңгеден ашты. Ошондой эле, мекеме башчысы тармакты өнүктүрүү боюнча милдеттер менен бөлүштү. Ага ылайык, беш жылдын ичинде Казакстанда 845 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Агроөнөр жай комплексин мындан ары туруктуу өнүктүрүү максатында жаңы ыкмалар иштелип чыкты. Алар 2021-2030-жылдардагы Концепцияда жана 2021-2025-жылдарга Улуттук долбоордо камтылган.

Сапархан Омаров, Казакстандын айыл чарба министри:

- Алардын негизги максаттары эмгек өндүрүмдүүлүгүн 2,5 эсеге жогорулатуу, ички рынокту азык-түлүк товарлары менен 80% деңгээлинде камсыз кылуу, кайра иштетилген өнүмдөрдү экспорттоону 2 эсе улгайтуу жана ири инвестициялык долбоорлордун айланасында 7 экосистеманы түзүү болуп саналат. Жалпысынан, жакынкы беш жылдыкта мерчемделген иш-чаралар белгиленген максаттарга жетүүгө, ошондой эле, тармакка 4,1 триллион теңге инвестицияларды тартууга, 500 миңге чейин адамды жумуш менен камсыз кылууга жана 1 миллион адамдын кирешесин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков