Казакстан Кытайга экспорттун үлүшүн көбөйтүүсү мүмкүн. Кытай Эл Республикасы ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнө, ошондой эле энергетикага кызыкдар. Өлкө Кытайга мунай, жез, жаратылыш газын, ошондой эле органикалык эмес химиялык өнүмдөрдү, ферро-эритмелерди, уранды жана күн карама майын жиберет. Ал эми жабдуулар, автоунаалар, кара металлдан жасалган буюмдар, дөңгөлөктөр, жол жана курулуш техникалары негизинен Кытайдан алынып келинет. Эске салсак, Казакстан менен Кытайдын өз ара соодасы 2022-жылы 24 миллиард долларга жеткен. Тараптар 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү АКШ валютасында 35 миллиардга жеткирүүгө ниеттенүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков