Нидерландиядан келген ишкерлер жакынкы келечекте Казакстандын экономикасына 400 миллион евродон ашык инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Астанада өткөн эки тараптуу бизнес форумда белгилүү болду. Эске салсак, Нидерландия Казакстандын экономикасына эң ири инвестор болуп саналат. Ошентип, акыркы 17 жылдын ичинде нидерландык компаниялар биздин өлкөгө 100 миллиард доллардан ашык инвестиция салышкан. Мурда бизнес каражатты негизинен энергетика жана мунай өнөр жайына жөнөтсө, эми айыл чарба тармагына инвестиция салууну пландоодо. Айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорго да көңүл бурулат. Өз кезегинде мамлекетибиз аларды субсидия менен колдоого даяр.
Аскар Жумагалиев, Казакстандын Нидерландия Королдугундагы элчиси:
Албетте, биз эки өлкөнүн ортосундагы жигердүү иштерди улантып жатабыз, компаниялар менен активдүү жолугушабыз. Өткөн мезгилде биз 150дөн ашык компания менен жолугуп, Нидерландиядан инвестиция келсе, Казакстандан да преференциялар болорун, жалпысынан бул жерде жакшы бизнес климат түзүлгөнүн түшүндүрдүк. Бул жагынан, биз көрүп тургандай, нидерландык компаниялардын активдүүлүгү бир топ жогору.
Сандерc Пилкенруд, DUTCH CLEAN TECH президенти:
Биз бул форумга бир жылдан бери даярдандык, учурда Астанада кеңсе ачтык, бизден күтүлүп жаткан инвестициянын көлөмү бир нече жүз миллион еврону түзөт. Биз суу тазалоочу жайларды ачууну эле эмес, аларды башкарууну да пландап жатабыз. Башкача айтканда, биз сиздердин өлкө менен узак мөөнөттүү өнөктөштүккө багытталганбыз.
Бизнес-форумдун жыйынтыгында экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуу боюнча 5 келишимге кол коюлду. Катышуучулар белгилегендей, мындай иш-чаралар Казакстан менен Нидерландиянын ортосундагы соода-инвестициялык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков