Казакстан менен Австриянын соода айлануусу 300 миллион доллардан ашты

Казакстан менен Австриянын соода айлануусу 300 миллион доллардан ашты

Казакстан менен Австрия кызматташууну тереңдетүүнү көздөп жатышат. Тоо-кен өнөр жайы, инфраструктура, туризм жана билим берүү тармактарындагы кызматташууга артыкчылык берилет. Бул тууралуу Астанада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүндө талкууланды. Ермек Кошербаев менен Беате Майнль-Райзингер транспорттук жана логистикалык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, анын ичинде Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө жана Global Gateway демилгесине катышууга өзгөчө көңүл бурушту. Министрлер ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну андан ары өнүктүрүү ниетин баса белгилешти. Казакстан менен Австрия 30 жылдан ашык убакыт мурун дипломатиялык мамилелерди орноткон. Казакстанда 400гө жакын австриялык компания, бир катар биргелешкен ишканалар иштейт. Өткөн жылы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 300 миллион доллардан ашты. Ал эми 2005-жылдан бери Австриядан Казакстандын экономикасына тартылган түз инвестициянын көлөмү 3 миллиард доллардан ашык каражатты түздү

Ермек Кошербаев, Тышкы иштер министри:

– Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык биздин көп кырдуу мамилелерибиздин негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири бойдон калууда. Бул жааттагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги механизмдери - бул Өкмөттөр аралык комиссиянын жана Ишкердик кеңештин ишмердүүлүгү, алар дагы эле активдүү иштеп жатышат.

Беате Майнль-Райзингер, Австрия Республикасынын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри:

– Биздин өлкөлөр көптөгөн жалпы кызыкчылыктарга жана жалпы түшүнүктөргө ээ. Бул андан аркы кызматташуу үчүн бекем пайдубал түзөт. Ошондой эле, дипломатиялык паспорт ээлери үчүн визадан бошотуу жана кайра кабыл алуу боюнча кызматташууну кошо алганда, жетишилген келишимдердин маанилүүлүгүн белгилейбиз. Мен өзгөчө энергетика тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетким келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков