Казакстанда транзиттик ташуулардын көлөмү артты

Казакстанда транзиттик ташуулардын көлөмү артты

Казакстанда өткөн жылдын аягында транспорттун бардык түрүнүн жеткирүү көлөмү 4 миллиард тоннага жакындады. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 6 пайызга төмөн. Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, темир жол менен камсыздоо аба жана унаа транспортуна караганда туруктуу болуп, 4%га өстү. Транзиттик ташуулардын көлөмү да жогорулады. 2021-жылдын 7 айында бул көрсөткүч 37%га өскөн. Бул өзгөчө Кытай-Европа-Кытай коридоруна байланыштуу.

Азамат Кожанов, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин транспорт логистикасын өнүктүрүү башкармасынын башчысы:

- Автомобиль жана темир жол аркылуу жүк ташууда эч кандай чектөө болгон жок. Жүк региондордон, коңшу облустарга, жалпысынан Казакстан боюнча жөнөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков