Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Абу-Дабидеги туруктуу өнүгүү жумалыгы саммитинин ачылыш аземинде билдирди. Ошол эле учурда өлкө экономиканы ар тараптандыруу багытында алдыга кадам таштап, 40 жылда көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүнү пландаштырууда. Жалпысынан республика 12 жылдын ичинде Казакстанда 6,5 ГВт кайра жанма энергия ресурстарын түзүү аркылуу дүйнө жүзү боюнча уран менен камсыздоону көбөйтүүнү максат кылып жатат. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Казакстандын бул багыттагы келечегине токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биздин өлкө табигый уран өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Биз өзөктүк отундун компоненттерин өз өлкөбүздө өндүрөбүз жана атом энергиясын коопсуз пайдалануу ишин мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрубүз мол. Биздин оюбузча, бул аймактык жана дүйнөлүк соода ошондой эле инвестиция үчүн келечектүү тармак.
Экономиканы ар тараптандыруу жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү үчүн азыртадан эле олуттуу кадамдар жасалууда. Тактап айтканда, иш жүзүндө өлкө Париж келишимин биринчилерден болуп ратификациялады. Буга кошумча, өндүрүштү жашылдандыруу боюнча өзүнүн Доктринасын даярдады. Ал эми негизги тема жер бетинде таза суунун тартыштыгы.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- БУУнун отчетуна ылайык, 2050-жылга карата климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу 5 миллиарддан ашык адам ичүүчү сууга муктаж болушу мүмкүн. Бул дүйнөлүк азык-түлүк, энергетика, шаардык жана экологиялык системаларга коркунуч туудурат. Ушунун бардыгы саясий чечимдерди гана эмес, башка да кечиктирилгис жана натыйжалуу чараларды кабыл алууну талап кылат. Биздин планетаны сактоо үчүн болуп көрбөгөндөй каржылык инвестиция салуу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков